super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттө Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин ишмердиги талкууланды

 

Бүгүн, 20-ноябрда өкмөттө Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги ишке ашырып жаткан долбоорлорго арналган жыйын өттү. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, жыйын жүрүшүндө аталган агенттик ишке ашырып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугун арттыруу маселеси талкууланды.

Премьер-министр Темир Сариев Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги Кыргыз Республикасында бир нече тармак боюнча иш алып барып келгенин жана аймактарды өнүктүрүүдө мааниси чоң экенин билдирди. Ошол эле учурда Темир Сариев агенттик ишке ашырган долбоорлордун натыйжалуулугун арттыруу жана өкмөт менен кызматташтыкты бекемдөө жаатында иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору Кубанычбек Исмаиловдун маалыматы боюнча, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен биргеликте 2013-2019-жылга чейин 81,9 миллион долларлык, ал эми 2010-2016-жылдарга карата көлөмү 6,075 миллион евролук "Карызды конверсиялоо жана коммуналдык инфракструктура" долбоору ишке ашырылууда. Муну менен катар аймактардагы социалдык объекттерди куруу долбоорунун негизинде 36 объект курулган. Алардын ичинде мектеп, бала бакча, спорттук зал жана фельдшердик-акушердик пункттар бар.

Премьер-министр Темир Сариев Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен биргеликте Жайыт комитеттеринин ишмердигин кайрадан карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле жыйында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги долбоорлорду ишке ашырууда кайра иштетүү, айыл чарба тармагында инновациялык ыкмаларды жайылтуу, логистикалык борборлорду курууга басым жасоо керектиги белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: