super.kg logo

Жылнаама, 23-ноябрь: Мындан 9 жыл мурун орусиялык тыңчы Александр Литвиненко ууландырылып өлтүрүлгөн

 

* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы ырчы Гүлзат Байзакова Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулган. Опера-балет театрынын алдындагы эки жылдык студияны аяктаган. "Камбаркан" ансамблинде иштеп, алгач "Жалжалым", "Чагылган" деген ырларды ырдап чыккан. Андан соң Айбек Карымов менен аткарган "Дил кайрык" ыры аркылуу элге таанылган.

* Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы Италиянын түштүгүн кыйраткан бир нече жер титирөөлөрдүн натыйжасында 3000 киши каза болуп, 1500 адам дайынсыз жоголуп, 8000 адам жарадар болуп, 200 000 тургун үй-жайсыз калган. Жер астында болгон силкинүүлөрдүн саны жетиге жетип, Рихтер шкаласы боюнча 6,8 баллга жеткен. Жер титирөө Неаполь менен Потенц шаарларынын ортосундагы аймакта болгон.

* Мындан 24 жыл мурун, 1991-жылы англиялык “Queen” рок-тобунун ырчысы Фредди Меркьюри өзү тууралуу айтылган ушактарды тастыктап, СПИД илдети менен ооруй турганын айтып, ошол күндүн эртеси каза болгон.
Фредди Меркьюри 1946-жылы 5-сентябрда Занзибардагы Унгуджа аралында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө фортепиано ийриминде окуган. 1958-жылы мектептеги достору менен "The Hectics" рок-тобун түзгөн.
1962-жылы үй-бүлөсү менен Англияга көчүп кетет. Ал жактан Айлсворт мектебинен живопись бөлүмүн аяктаган. 1969-жылы 13-августта ливерпулдук "Ibex" тобу менен таанышып, алар менен биргеликте концертке чыгат. Бул топ таркап, Фредди "Sour Milk Sea" тобунда ырдап, 1970-жылы "Smile" тобуна кирип, аталышын "Queen" аташат. Бул топ менен көптөгөн альбомдорду чыгарып, дүйнөгө атагы чыккан.

* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Орусия бийлигин сындагандыгы үчүн куугунтукка алынып, Британиядан саясий баш паанек тапкан Орусиянын Коопсуздук кызматынын подполковниги Александр Литвиненко уулантылып, Лондон шаарындагы ооруканада каза болгон.
Литвиненко полоний салынган чай ичкенден 3 жума өткөндөн кийин көз жумган. Ал чайды маркум Лондон мейманканаларынын биринде Луговой менен жолугушууда ичкен. Кылмышка шектүү деп ФСБнын мурдагы агенти Андрей Луговой аталган, бирок Орусия аны Британияга өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

23-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
23.11.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Литвиненко орусиянын бийлигин сындабаган. Ал деген чыккынчы болгон. Англиянын орусиядагы тынчысы болгон жана коптогон жашыруун мамлекеттик маалыматтарды англияга тымызын кабарлап турган. Кылмышы билингенде лондонго качып, ал жактан баш паанек тапкан. Олоордо кылгандарына окунуп кечирим сураган. Анын атасы орусияны сындап , журналист болгону учун коптогон бузукулук макалаларды заказ боюнча жазган. Кийин ал Италияга качып, азыр каарылыкта ото кедейчиликте жашап жаткан учуру.
23.11.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы Березовскийдин буюртмасы менен калп макала жазганын былтыр моюнга алып, италияда кемпири каза болуп, уйундо отоплениясы жок, пенсиясы жок, ото жакырчылыкта кун коруп , Россияны сагынганын айтып, Путинден кечирим сурап, кайра орусияга кайтуусуна уруксат,жардам сураган.Уулун Англиягын бийлиги оздору уулап койгон деген. Себеби уулунун шпион экени билинген сон, эгер колго тушсо коп маалыматты кайра орусияга айтып коет деп коркушкан,жана акыркы кундору Литвиненко куноосуно окунуп баштаган болчу
23.11.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Литвиненко Лондондо Луговойго жолугуп, мекенине кайткысы келип жатканын айткан. Анан албетте англичандар Литвиненко кайтып барбасы учун козун тазалап коюшкан.
Эмне болгон кундо да, мекенге чыккынчылык кылуунун аягы эч качан жакшы нерсе менен бутпойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: