super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Келечек муунду туура тарбиялоо, сапаттуу билим алышына шарт түзүү - өкмөттүн негизги милдеттеринин бири"

 

21-ноябрда премьер-министр Темир Сариев Нарын облусундагы иш сапарынын жүрүшүндɵ Нарын районунун Жан-Булак айылындагы бала бакчанын ачылыш аземине катышып, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.

Темир Сариев аталган айылда 50 орундуу бала бакчанын ачылышы абдан маанилүү окуя экенин белгиледи. "Келечек муунду туура тарбиялоо, сапаттуу билим алышына шарт түзүү - өкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Биз бул багытта өзгөчө көңүл буруп, бир катар иштерди аткарып жатабыз",- деди Темир Сариев.

Темир Сариев ɵлкɵдɵ маанилүү инфраструктуралык долбоорлорго абдан маани берилип, ишке ашырылып жатканына токтолду.

"Өлкөбүздүн түштүгү менен түндүгүн байланыштырган альтернативдүү жол салынып жатат. Ал 2017-жылы ишке берилсе, түштүктөн Ысык-Көл, Нарынга карай жол 5 саатка кыскарат. Бул элибиздин ынтымагын бекемдеп, ширетет. Жарандарга ыңгайлуу шарт түзөт. Эң негизгиси, мамлекеттин коопсуздугун бекемдеп, кубаттуулугун күчөтөт. Кара-Кечедеги көмүр кени комплекстүү иштетилип, Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин темир жол салынат. Кара-Кечеге Жылуулук электр станциясы курулат",- деди Темир Сариев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: