Башар Асад Орусиянын соккуларынан кийин Сирияда абал жакшырганын билдирди
Президент Башар Асад "Ислам мамлекети" тобуна каршы Орусиянын абадан сокку урууларынан кийин Сирияда абал жакшырганын билдирди. Сирия лидери экстремисттер менен күрөшүү багытындагы АКШ жетектеген эл аралык коалициянын иш жыйынтыгына да оң баасын бергенин чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
"Орусия сокку урууну баштагандан кийинки бир айдын ичинде миңдеген террористтер артка чегиништи жана Сириядан Түркияга, андан кийин башка өлкөлөргө качышты. Айрымдары Европага, айрымдары Йеменге качууга аргасыз болушту",- деди Асад.
Эскерте кетсек, Орусия аталган террористтик уюмга каршы Сирияда быйыл сентябрдын аягынан бери абадан сокку уруп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

