Крым. Андагы 2 миллиондой киши жарыксыз калды
Крым 22-ноябрда саат түнкү бирге жакын жарыксыз калды. Украиналык радикалдар аталган жарым аралды энергетикалык блокадага алуу аракетин ишке ашырды (Херсонск облусундагы электр линиялары тартылган мамыларды бузушкан). Аймакта 2 миллиондой киши жарыксыз калды. Социалдык маанидеги мекемелер генератор менен иштөөгө өтүшсө, турак үйлөрдө таптакыр электр энергиясы жок. Крымда чукул кырдаал жарыяланып, 23-ноябрда Крымда жана Севастополдо мамлекеттик кызматкерлерден башкасына дем алыш жарыяланды.
Эскерте кетсек, Крымга электр энергиясы Украинадан 4 линия аркылуу алынчу. Учурда бузулган мамыларды оңдоо иштери жүрүп жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















