Бишкектик "Дордой" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп Анарбек Ормонбеков дайындалды
Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын вице-чемпиону бишкектик "Дордой" клубун кийинки сезондо машыктыруучу Анарбек Ормонбеков машыктырат. Мындай чечим клубдун жамаатынын, футболчуларынын, машыктыруучу штабынын катышуусундагы жыйында белгилүү болду. Аталган клубдан кабарлашкандай, анын жардамчысы болуп Руслан Сыдыков шайланды.
Кошумчалай кетсек, клубду буга чейин сербиялык адис Завиша Милосавльевич машыктырып келген. Ал клубга 2014-жылы келип, алгачкы сезонунда эле Суперкубокту, Кыргыз Республикасынын чемпиондугун жана Кыргыз Республикасынын Кубогун утуп алган. 2015-жылы сербиялык адис АФКнын Кубогунун тандоо турунда, өлкө чемпиондугунда, өлкө кубогунда ийгилик жарата албаган соң клуб менен кызматташуусун токтотту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.