super.kg logo
  Саясат  

Депутаттардын арасында шахматтык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

 
 Бүгүн 9-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 2-ноябрда парламенттин депутаттары, ЖКнын Аппарат жана Иш башкармалыгынын кызматкерлери арасында өткөн шахматтык мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлады. Аталган мелдеште 1-орунду Ташполот Балтабаев, 2-орунду Канатбек Исаев, 3-орунду Исмаил Исаков ээледи. Ал эми ЖКнын Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин ортосунда 1-орунду Азамат Ысаков, 2-орунду Талант Конокбаев, 3-орунду Эмилбек Кыдыкманов ээледи. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана шахмат комплектиси тапшырылды. Ошондой эле шахматты даңазалоо жөнүндө токтомдун демилгечиси - депутат Дастан Бекешевге да байге ыйгарылды. Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеш төрагасына шахматты даңазалоо идеясын колдогондугуна ыраазычылык билдирип, шахмат боюнча депутаттык команда түзүүнү жана КРнын Өкмөт мүчөлөрү менен шахматтык мелдеш өткөрүүнү сунуштады. Бул ойду колдогон Асылбек Жээнбеков мындай шахматтык турнирди КРнын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн Аппараттарынын кызматкерлеринин ортосунда өткөрүү сунушун айтты.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: