super.kg logo
  Саясат  

Бишкек менен Оштун жаңы конуштарында өзүнчө аксакалдар соттору түзүлмөкчү

 

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети бүгүн, 24-ноябрда "Аксакалдар соттору жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин директору Бакыт Рыспаевдин айтымында, демилге менен "Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамдын 10-беренеси республикалык маанидеги шаарларда аксакалдар сотторун түзүүнүн принциптерин аныктоону жергиликтүү кеңештерге берүү жөнүндөгү жобо менен толукталууда.

“Бишкек жана Ош шаарлары алардын курамына караштуу көптөгөн калктуу конуштар менен курчалган. Мындай калктуу конуштардын саны Бишкек шаарында эле элүүгө жакын болсо, Ош шаарында он эки. Аларда өзүнчө аксакалдар сотторун түзүү - учурдун талабы”,- дейт Рыспаев.

Мындан тышкары аксакалдар соту тарабынан салынган акчалай айып пулдарды бөлүштүрүү маселесине өзгөртүү киргизилип жатат. Ага ылайык, каражаттын 30 пайызы аксакалдар соту жайгашкан шаардын жергиликтүү бюджетине, 70 пайызы аксакалдар соту караган аймактык өз алдынча башкаруудагы Коомдук кеңештердин эсебине берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: