super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев жарандарды турак жай салууда анын ыңгайлуулугуна жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды

 

Өкмөт башчы Темир Сариев 24-ноябрда радиолордун бирине маек берип жатып жарандарды турак жай салууда анын ыңгайлуулугуна жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, Сариев Ош облусунда орун алган жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча айтып, жарандардын суроолоруна жооп берди.

Өкмөт башчы жер титирөө масштабдуу кесепеттерди алып келгенин, учурда мамлекеттик органдар анын кесепетин жоюу жана жабыркагандарга жардам берүү боюнча толук кандуу иштер жүрүп жатканын билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн куралган комиссия кырсыктын зыянын эсептөө боюнча иштин аяктап калганын кошумчалады. Ага ылайык, Ош облусундагы турак жайлар текшерилген, анын жыйынтыгында канча үй толугу менен жараксыз абалга келип, канча имарат канчалык деңгээлде жабыр тарткандыгы аныкталган.

Премьер-министр кырсыктан жабыркагандарга мамлекет тарабынан мыйзамда көрсөтүлгөн жардамдар берилерин жана бул жаатта активдүү аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады. Ошондой эле ал өлкөдө турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча атайын мыйзам кабыл алынганын жана ал 2016-жылдын февраль айынан тарта күчүнө кирерин кабарлады.

“Турак жайды камсыздандыруудан өткөрүү аркылуу биз ар түрдүү кырсык болгон учурда аны калыбына келтирүүнү жеңилдетебиз. Эгер үй камсыздандырылса, мамлекеттен берилген жардам менен катар камсыздандыруу компаниясынан да каражат ала алат.
Биздин өлкө - тоолуу өлкө. Ар кыл табигый кырсыктар болуп турат. Турак жайды камсыздандыруу үчүн жылына 2500 сомдун тегерегинде акча кетет экен. Аны төлөө менен ар кандай кырдаалга даяр турабыз”,
- деди Сариев.

Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардамдарды бөлүштүрүүдө көзөмөл күчөтүлгөнүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: