super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасында "Барселонанын" футболчулары "Романы" 6:1 эсебинде утушту, "Арсеналга" тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

 

25-ноябрга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 5-тур оюндары 4 тайпада орун алды. Анда ири эсептеги жыйынтыктар катталып, айрым командалар мелдештин кийинки баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздашты.

“E” тайпасы

Бул тайпадагы оюндар көптөн күтүлгөндөй кызыктуу болду. Месси-Неймар-Суарес үчтүгү "Барселона" клубуна кезектеги жеңишти алып келди. Алар атаандашын 6:1 эсебинде утуп, тайпадан 1-орунду ээлеп чыкмай болушту. Кийинки баскычка кайсы команданын чыгары 6-турда чечилчү маселе болуп калды. Бул үчүн 3 командада тең мүмкүнчүлүк бар.

“Барселона” (Испания) - "Рома" (Италия) - 6:1

Голдор: Луис Суарес (15-мүнөттө), Лионель Месси (18), Луис Суарес (44), Жерар Пике (56), Лионель Месси (60), Адриано (77) - Эдин Жеко (90+1).

БАТЭ (Беларусь) – “Байер” (Германия) - 1:1

Голдор: Михаил Гордейчук (2-мүнөттө) - Адмир Мехмеди (68).

Мелдеш жадыбалы:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Барселона” (Испания)

6

14

2

"Рома" (Италия)

6

6

3

“Байер” (Германия)

6

6

4

БАТЭ (Беларусь)

5

4


"F" тайпасы

"Бавария" атаандаштарынын дарбазасына көп гол киргизүүнү улантууда. Ал эми "Арсенал" тайпадан чыгуу аракетин дагы да кызуу көрүп жатат. Бул жолу "Олимпиакостун" утулганы алардын пайдасына чечилди. Акыркы турда "Арсенал" конокто "Олимпиакосту" утууга тийиш, эгер тең чыгуу катталса, кийинки баскычта англиялыктарды көрө албайбыз.

“Бавария (Германия) – “Олимпиакос” (Греция) - 4:0

Голдор: Дуглас Коста (8-мүнөттө), Роберт Левандовски (16), Томас Мюллер (20), Кингсли Коман (70).

“Арсенал” (Англия) - “Динамо” (Зг, Хорватия) 3:0

Голдор: Месут Өзил (29-мүнөттө), Алексис Санчес (33), Алексис Санчес (69).

Мелдеш жадыбалы:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Бавария” (Германия)

6

15

2

"Олимпиакос" (Греция)

6

9

3

“Арсенал” (Англия)

6

9

4

“Динамо” (Загреб, Хорватия)

6

3

"G" тайпасы

Украиналык "Динамо" конокто "Портуну" утуп, тайпадагы абалды курчутуп койду. Эми алар дагы кийинки баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошол себептүү акыркы тур чечүүчү болуп калат, анткени "Порту" менен "Челси" өз ара ойнойт, упай жоготкон команда тайпадан чыга албай калат. Ал эми "Динамо" бул үчүн "Маккабини" утууга тийиш.

“Порту” (Португалия) – “Динамо” (Киев, Украина) - 0:2

Голдор: Андрей Ярмоленко (35-мүнөттө, пенальти), Дерлис Гонсалес (64).

"Маккаби" (Израиль) - "Челси" (Англия) - 0:4

Голдор: Гэри Кэхилл (20-мүнөттө), Виллиан (73), Оскар (77), Курт Зума (90).

Мелдеш жадыбалы:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Порту” (Португалия)

5

10

2

"Челси" (Англия)

5

10

3

“Динамо” (Киев, Украина)

5

8

4

“Маккаби” (Израиль)

5

0

"Н" тайпасы

Орусиялык "Зенит" тайпадагы 5 оюнунун баарын утуп, сенсация жаратууда. Бул турда "Лион" өз үйүндө уттуруп, кийинки баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн толук ажырады. Ал эми "Гент" менен "Валенсиянын" кайсы бири кийинки баскычка чыгары акыркы турда чечилет.

"Зенит" (Орусия) - "Валенсия" (Испания) - 2:0

Голдор: Шатов (15-мүнөттө), Дзюба (74-мүнөттө).

"Лион" (Франция) - "Гент" (Бельгия)

Голдор: Жордан Ферри (7-мүнөттө) - Даниел Миличевич (32-мүнөттө), Калифа Кулибали (90).

Мелдеш жадыбалы:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Зенит” (Орусия)

5

15

2

"Гент" (Бельгия)

5

7

3

“Валенсия” (Испания)

5

6

4

“Лион” (Франция)

5

1






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
25.11.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
portuga ten chyguu ele jetishtuu... Chelsi u4un utuu kerek
25.11.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец Зенит, а Арсенал кандай болбосун жениш керек
25.11.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Валенсияга эмне болгон?
25.11.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
так держать наша Барселона! Самый красивый гол, у Суареса был.
25.11.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Порту зенит алга
25.11.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызыктуу болуп бара жатат. Себеби Порту же Челсинин чыкпашы толук мумкун. Анткени кийинки беттеште экоо ойнойт. Ошол эле учурда киевдик Динамо израилдик Маккаби менен кез келет. Менимче Динома эч кыйынчылыксыз утушка ээ болуп плей оффко чыгат
25.11.2015. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Барса эмне кылып салды.Буюрса финалда быйыл да Бавария Барса болот окшойт
25.11.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар быйыл Барса утат аткени Барсанын быйыл 100 жылдыгы экен ошого баары утулуп беришет
25.11.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барса,Зенит алгаа
25.11.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Пикеге чейин гол сайыптыр го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: