Асия Сасыкбаева: “Жогорку Кеңеш мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек”
“Жогорку Кеңеш өзүнүн конституциялык мөөнөтү бүткөнгө чейин иштөөсү керек”. Бул сөздү 11-мартта ЖКнын депутаты Асия Сасыкбаева “Парламент” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өнүккөн парламенттик өлкөлөрдө деле мыйзам чыгаруу органдарына карата сын пикирлер айтылат, бирок андай сындар конструктивдүү мүнөздө болууга тийиш. “Сын-пикирлерди угуп жатабыз, бирок парламентти таркатууну талап кылган күчтөрдүн позициясы, койгон дооматтары так эмес”,- дейт ал. Депутат ошондой эле Жогорку Кеңеш калктын кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдарды кабыл алуу менен ырааттуу иш алпарып жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

