super.kg logo

Милиция Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жооп берди

 

Студент Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөө иштери бүтө элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бул маселе ички иштер министри Мелис Турганбаевдин көзөмөлүндө турат. "Тергөө амалдарынын алкагында "бул өлүмгө тийиштиги бар" делген адамдар суракка алынып жатат. Тергөөчүлөр ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшү боюнча маалыматты министрге жеткиришүүдө. Аталган кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери уланууда",- дешти мекемеден.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектеги Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

2015-жылдын 6-майында ИИМден кабарлашкандай, Камиланын денесин кароо учурунда моюнунда муунтуунун издери болгон, бирок катуу физикалык күч колдонулганы аныкталган эмес. "Бардык буюмдары жанында болгон. Мындан улам кылмышкер аны атайлап өлтүрбөгөн болушу мүмкүн. "Камила Дүйшөбаеванын өлүмү кокустук болгон" деген да версия каралып жатат",- дешкен ИИМден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
25.11.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жооптон качпай эле сразу эле беришпейби. Маалыматты бербей жургону учун ар кандай шектер жаралат да, урматтуу министр аке.
25.11.2015. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nur-patriot, bul joopton kachuu emes. Myizam ushundai biroonun ishin bashka biroogo aitkandagy bolboit. Bularda soz aitylat el myndai deshtat dep oiloshboit. Myizamda jazylgandai atkaryshat. Sen oilogondoi bolso thrmodogulordun baaryn aityp salyw kkgo emne bolup kamalganyn gazetaga jazysh kk. Andai bolboit elde suroo jaralsa anda ish botkon son sottun chechime mn aitylysh.
25.11.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаман эле бул кыздын фотолорун реклама кылыштыго,козго корунуктуу кыз экен, фотосуз эле чыгара берсенер,олгон адамдын фотосун кайра кайра корсотуп журокту эзбей.
25.11.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ушул кызды бир жыл бойу айттынарго ..бул кызды жон койгулачы арбагы тынч жатсын..
25.11.2015. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айтылбаса дагы басты басты болуп жок болот министирибиздин кол астында текшерилип атат ачыгы чыксында чыгарса силерге оору келип жатса окубай отуп кете бергиле бул жерде жон адамдар аралашкан болгондо алиге чейин отурмак беле турмодо не болсо да Мелис байке созундо туралабы
25.11.2015. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уруп согуп Бир байкуштун мойнуна илишетда эми.
26.11.2015. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч бир шекту адамды тапбай койдуго
26.11.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинтип эле аягы чыкпаган иштер менен башка олколорго кадыр-баркыбызды кетирип алабыз. "Башкалар коркуу учун озундукун саба" деп коюшат эмесппи. Куноолуу адамдарды жоопкерчиликке тартуудан эмне эле жалтанышат? Эгер колунда байлык-бийлиги жок адам ушундай кылмыш жасаганда эчак эле жаза берилмек. Былтыркы иш боюнча быйыл дагы жыйынтык болуп, алсыз экендиктерин айгинелешуудо.
26.11.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш кыз.Олтургон киши деле кантип жашап атат Кудай жазасын берсин
26.11.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото сулуу кыз экен. Мындай кыздар мн шефтердин,байлардын балдары журот. Алар кобунчо наркоман,мажор болушат. Билишет кылмыш кылса атасы же мамасы куткарып алат. Министр озу козомолдоп атса бир жылдан бери кантип табыша албайт. Уйат ко МВДга. Жон эле айтпайсынарбы кылмыш кылган адамдады биз камай албайбыз анткени алар байдын балдары,биз азыр бир байкуштун мойнуна ушул кылмышты илебиз деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: