Ысык-Көл. Эки ай ичинде жол кырсыгынан 22 адам каза болду
Ысык-Көл облусунда 2013-жылдын январь жана февраль айларында 58 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 24 пайызга көп экендигин Ысык-Көл ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Насипбек Калмурзаев билдирди. Маалыматка таянсак, жол кырсыгынын көпчүлүгү айдоочулук күбөлүктөрүн сатып алган жана мас абалында унаа айдоодон келип чыгууда. Кошумчалай кетсек, бул 2 ай аралыгында жол кырсыгынан 97 адам ар кандай жаракат алып, 22 адам көз жумган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

