Ысык-Көл. Каракол шаарында калктын таза сууга болгон карызы 6,5 миллион
Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын тургундарынын ичүүчү сууга болгон карызы 2012-жылдын жыйынтыгы менен 6,5 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каракол шаардык “Суу канал” ишканасынан билдиришти. Маалыматка таянсак, карапайым шаар тургундарынын көпчүлүгү сууга болгон төлөмдү өз убагында төлөп жатышат. Бирок аткаминерлердин айынан карыздын көлөмү көбөйүүдө. "Карызын төлөбөгөн жарандардын аты-жөнү такталып, мындан ары чара көрүлөт",- дейт аталган ишкананын жетекчиси Сабырбек Өмүрканов. Айта кетсек, Каракол шаарында 18000дей үй-бүлө жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

