super.kg logo

Ош. Араван районунда малдарды уурдап, аларды Өзбекстандын аймагына айдап өтүп жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды

 

Ош облусунун Араван районунун жашоочуларынын малдарын уурдап, аларды Өзбекстандын аймагына айдап өтүп жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары Өзбекстандын жараны, Анжиян облусунун Мархамат районунун 1990-жылы туулган тургуну С.Сардор кармалды. Ал Мурадыл, Дилмурат, Акыл жана Исраил аттуу балдар менен биргеликте Араван районунун жашоочуларынын короолорундагы малдарды уурдап, уурдалган малдарды Өзбекстанга айдап өтүп жүрүшкөндөрүн айткан. Учурда тергөө иштери жана калган кылмышка шектүүлөрдү жоопко тартуу боюнча кошуна мамлекеттин укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кылмышка шектүүлөр төмөндөгү жарандардын малдарын уурдап ири өлчөмдөгү зыяндарды келтиришкен:

  1. 2015-жылдын 17-март күнү Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынын Керкиден айылынын тургунунун мал сарайынан 8 баш ири мүйүздүү малын;
  2. 2015-жылдын 16-17-апрель күндөрү ошол эле айылдын тургуну М.Бнын мал сарайынан 4 малын торпогу менен;
  3. 2015-жылдын 30-апрель күнү Төө-Моюн айыл аймагынын Найман айылынын тургуну Г.Инин 2 баш малын;
  4. 2015-жылдын 2-3-май күндөрү ошол айылдын тургуну М.Мнын короосунан 5 баш малын;
  5. 2015-жылдын 22-23-октябрь күндөрү Төө-Моюн айыл аймагынын Керкиден айылынын тургуну А.Жнын короосунан 3 баш малын уурдашкан.

    Жалпысынан Араван районунун тургундарына 1 миллион 130 миң сомдук чыгым келтиришкен. Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.11.2015. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айылымдагы малдар уурдалганын жазышыптырго баракелде милициялар 1жылдан ашканда аран табышыптыр го
26.11.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол ууруну элге салып бергилечи. Менин айылым го бул. Милициялар азаматсынар. Эми ошол эле уурунун биздин айылдагы шериктерин таап бергилечи. Иштин баары ошол саткындарда.
26.11.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайтарылаар бекен эми малдар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: