Ошто “Хизбут-Тахрир” жана “Салафия” агымдарынын 7 мүчөсүнүн үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлдү
Ош шаардык сотунун санкциясынын негизинде диний-экстремисттик “Хизбут-Тахрир” жана “Салафия” агымдарынын 7 мүчөсүнүн жашаган үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлдү. Тиешелүү кызматкерлер 7 даректе бир убакытта тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда төмөнкүдөй көрүнүштөр катталды:
- Нариман айыл округунун тургуну, 1981-жылы туулган С.Кнын үйүн тинтүүдө 27 даана ар түрдүү китептер, 27 даана диск, Нокиа Х2-05 үлгүсүндөгү телефондор далил буюм катары алынды.
- Савай айыл округунун Кызыл-Шарк айылынын тургуну, 1974-жылы туулган М.Внын үйүнөн 7 даана ар түрдүү китептер, 13 даана диск, 2 даана өзбек тилинде жазылган дептер, 4 даана календарь далил буюм катары алынды.
- Савай айыл округунун Кызыл-Шарк айылынын тургуну, 1962-жылы туулган Н.А. жана уулу, 1992-жылы туулган А. уулу Анын үйүн тинтүүдө 60 даана диск, 1 даана процессор, 1 даана видеокассета, 1 даана тир мылтыгы, 1 даана колго жасалган канжар, 1 даана ок атуучу куралдын оптикалык дүрбүсү далил буюм катары алынды.
- Кашкар-Кыштак айыл округунун Мөнөк айылынын тургуну, 1964-жылы туулган К.Анын үйүнөн 4 даана баракча, 3 даана диск, 2 даана аудиокассета, 2 даана флеш-карта далил буюм катары алынды.
- Төлөйкөн айыл округунун Дыйкан айылынын тургуну, 1974-жылы туулган Ю.Жнын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда 11 даана диний китеп, 5 даана кол жазма дептер, 1 даана диск, ноутбук далил буюм катары алынды.
- Нариман айыл округунун 1973-жылы туулган А.Р. аттуу тургунунун үйүн тинтүүдө 2 даана диний китеп, 3 даана диск, 1 даана уюлдук телефон, 1 даана флеш-карта далил буюм катары алынды.
- Төлөйкөн айыл округунун Дыйкан-Кыштак айылынын 1973-жылы туулган М.М. аттуу тургунунун үйүн тинтүү учурунда эч кандай мыйзамсыз сакталган буюмдар табылган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.