super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев 6 миллионунчу кыздын үй-бүлөсүнө турак үй берүүнү жана 1 миллион сомдук депозит ачууну тапшырды

 

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-ноябрда премьер-министр Темир Сариев менен жолугуп, кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн 6 миллионунчу жаран тууралуу маалымат алды.

Президент жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата-энесин куттуктап: "Калктын санынын өсүшү - ынтымактуу жашоонун көрсөткүчү, өлкөнүн келечегине болгон адамдардын ишенимин билдирет",- деди.

Ошондой эле 6 миллионунчу кызга 1 000 000 (бир миллион) сомдук депозиттик эсеп ачууну жана анын үй-бүлөсүнүн курамын эске алып турак үй берүүнү тапшырды. Мындан сырткары 6 миллионунчу кыз менен бир убакта төрөлгөн 10 баланын ата-энесине 100 миң сомдон берүүнү буюрду.

Белгилей кетсек, ымыркай Ош шаарында саат 18:12де аскер кызматкери Алмаз Кожошевдин үй-бүлөсүндө 3 килограмм 870 грамм салмакта төрөлдү. Энеси Рахат Белекованын жана кыздын ден соолугу жакшы.

Кечээ, 25-ноябрда саат 18:00дөн 26-ноябрда саат 06:00гө чейин өлкөбүздүн аймагында 122 ымыркай төрөлгөн.

Айта кетсек, өлкөдө 5 миллионунчу жаран 2002-жылдын 27-августунда жарык дүйнөгө келген. Анын аты-жөнү - Тынчтыкбек Курамаев. Ошол маалда президент тарабынан Курамаевдердин үй-бүлөсүнө Бишкектен 3 бөлмөлүү үй берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: