Орусиянын экс-депутаты: "Кыргыз мамлекетин тышкы саясатта Орусиянын кызыкчылыгын коргоого мажбурлашыбыз керек"

Мамлекеттик Думанын мурунку депутаты, Орусиянын Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүн изилдөө борборунун директору Семён Багдасаров Кыргыз Республикасынан тышкы саясатта Орусиянын кызыкчылыгын коргоону талап кылды.
Мындай пикирди Багдасаров Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн орусиялык учакты атканы талкууланган Орусиянын телеканалдарынын бириндеги көрсөтүүдө билдирип, Орусиянын кыргыз өлкөсүнө берип жаткан аскердик куралдары көзөмөлсүз калып жатканын айтты. “Мисалы, айрым мамлекеттерге миллиарддаган акчаларга аскердик куралдарды жиберебиз, бирок алар аны кантип пайдаланып жатканын көзөмөлдөбөйбүз. Биз берген тик учактарды Угандага ижарага берип салышы боюнча кыргыз өлкөсүндө талаш-тартыш болууда. Негизи, биз куралдарды башка жакка бергиле деп бербейбиз да”,- дейт Багдасаров.
Орусия жиберген ар бир тыйынга чейин көзөмөлгө алуу керектигин жана аскер кеңешчилерин жиберүү зарылдыгын белгилеп: “Тышкы саясатта мындай өлкөлөрдү биздин кызыкчылыгыбызды коргоого мажбурлашыбыз керек. Антпесек, андай союздаштардын эмне кереги бар?”- деди ал.
Орусиянын экс-депутаты: "Кыргыз мамлекетин тышкы саясатта Орусиянын кызыкчылыгын коргоого мажбурлашыбыз керек"





