super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Жер титирөөгө туруштук бере турган үйлөрдүн долбоору сунуштоого даярдалып жатат"

 

Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Темир Сариев 17-ноябрда Ош облусунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн Ош облусу жана Ош шаары боюнча 5886 үй жана 155 социалдык объект изилденген. Анын ичинде 3142 үй жабыркаган. 11 үй толугу менен жараксыз абалга келип, 402 үйдүн жана 21 социалдык объекттин имараты 4-даражада жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өз маалында 10, 30 орундуу 231 комплект чатыр жеткирилген.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кайрылуусу менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан азык-түлүк бөлүнүп, облус жетекчилигинин көзөмөлүндө бөлүштүрүлүп берилген. Мындан сырткары бир катар мекемелерден, облустардан жардамдар жеткирилип жатат.

"Ошону менен катар тез аранын ичинде темир контейнерлерди жылуулатып, мобилдүү турак үйлөргө которуу иштери жүрүп жатат. Зыянга учураган үйлөрдүн 90 пайызы курулуш талаптары сакталбаган, айрымдарынын пайдубалы жок үйлөр болгон. Ал эми курулуш талаптары сакталган үйлөр азыраак зыянга учураган. Учурда чакан, жер титирөөгө туруштук бере турган үйлөрдүн долбоору сунуштоого даярдалып жатат",- деди Сариев.

Эл өкүлдөрү жер титирөөгө байланыштуу айрым маселелер боюнча суроо берип, жооп алышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: