super.kg logo
  Спорт  

Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамиле спорт тармагына да кедергисин тийгизүүсү мүмкүн

 

"Спорт саясатка аралашпайт" деп көпчүлүк ишенгени менен, кызуу талкуу жаратып жаткан Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамиле спорт тармагына да өз кедергисин тийгизиши мүмкүн. Мындай божомолду бир катар орусиялык басылмалар талкууга алып жатышат.

Маалыматка таянсак, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотула турган бир катар мелдештер Түркияда өтөт. Түркия бокс, күрөш, ок атуу, волейбол, стол тенниси, дзюдо сыяктуу спорт түрлөрү боюнча Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдештерди өткөрөт. "Саясий абал курчуй берсе, орусиялык спортчулар Түркиядагы мелдештерге катышпайт" деген пикирлер айтылууда.

Ошондой эле футбол боюнча Европанын Лигасы жана Чемпиондор Лигасында да бул маселелер каралышы мүмкүн. Себеби чуулардын алдын алуу үчүн уюштуруучу уюмдар саясий көз караштары дал келбеген, салкын саясий мамиледеги өлкөлөрдүн клубдарын башка-башка тайпаларга бөлүп келишет. Мисалы, азыр аталган лигаларда уюштуруучулар мүмкүн болушунча Орусия менен Украинанын клубдарын ойнотпоого аракет кылышат.

Кошумчалай кетсек, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта Орусиянын Су-24 аскердик учагы аба мейкиндигин бузганы үчүн атылган. Бул окуядан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин Түркия тарапты айыптап, бул көрүнүштүн аягы оор кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
26.11.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынч эле жашагылачы айлнайындар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: