super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Терроризм менен күрөшүүдө бардык дүйнө коомчулугунун күчү биригиши керек”

 

Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков 26-ноябрда Санкт-Петербургда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйында Армения төрагалык кылган ЖККУдагы артыкчылыктар жөнүндө маалымат, уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин Коргоо жана коопсуздук комитеттеринин төрагаларынын координациялык кеңешмесинин жана 2015-жылдын 26-27-майында Тажикстанда өткөн ЖККУнун жамааттык коопсуздугунун Борбордук Азия аймагындагы аскердик-саясий абалга жүргүзүлгөн парламенттик мониторингдин жыйынтыгы тууралуу отчёту угулду.

Аталган кеңеш Индия, Иран, Кытай, Куба, Монголия, Пакистандын парламенттери менен болгон жумушчу байланыштардын жөнгө салынышын кубаттап, алардан өтүнүч келип түшсө, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясына байкоочу статусун берүүгө даяр экенин билдирди.

Кеңеш жыйынында дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин парламенттерине жана эл аралык парламенттик уюмдарга терроризм жана экстремизмдин дагы башка формаларына каршы күрөштө бардык күч-аракеттерди бириктирүү тууралуу кайрылуу кабыл алынды. “Бул өтө маанилүү жана өз маалында кабыл алынган документ. Кыргыз тарап терроризмдин бардык көрүнүштөрүн айыптап келет. Мындай алаамат менен күрөшүү үчүн бардык дүйнө коомчулугунун күч-аракетинин биригиши талап кылынат”,- деп билдирди Асылбек Жээнбеков.

Кеңештин жыйынтыгында 2016-2020-жылдарга карата Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын жакындатуу жана шайкеш келтирүү боюнча ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын ишмердүүлүк программасы бекитилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: