Депутат Дастан Бекешев Турсунбек Акундун акыйкатчы кызматына КСДП фракциясынан сунушталып жатканына каршы чыкты
"Турсунбек Акундун акыйкатчы кызматына КСДП фракциясынан талапкер катары сунушталып жатканына каршымын",- деди депутат Дастан Бекешев бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында. Анын билдиришинче, фракция өзүнө жакын гана талапкерди тандап алуусу керек. "Мен Турсунбек Акундун биздин фракциядан талапкер болуп жатканына каршымын, себеби биз аны аталган кызматтан өзүбүз кетиргенбиз. Эми кайра алып келгенибиз туура эмес. Ошон үчүн фракцияга жакын гана талапкерди тандап алышыбыз керек",- деди Бекешев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

