Орусиянын Приморск сейил багында жем болууга берилген теке жолборсту коркутуп алды

Орусиянын Приморск сафари-багында Тимур аттуу теке Амур деген жолборско “атаман” болуп алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Тимур Амурга тамак катары короосуна киргизилген. Бирок эр жүрөк теке жолборсту үйүнөн кууп чыгып, ал жерди өзү ээлеп алган. Ал эми Амур мурдагы турак жайынын чатырынан орун алды.
“Негизи, жолборстор жумасына эки ирет короого атайылап киргизилген тирүү жандыктарды кармап, өлтүрүп жешет. Бул ирет Тимур 4-5 күндөн бери Амурга “атаман” болуп алды. Мындай нерсени биринчи жолу көрүп жатабыз”,- деп таң калышууда сейил бактын жумушчулары.
Орусияда теке жолборско "атаман" болуп алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
1

Кимдир бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.