super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Пакистандын Улуттук ассамблеясынын төрагасы менен жолугушуп, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүлөрдү өнүктүрүү керектигин айтты

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 26-ноябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Сардар Аяз Садик менен жолугушту. Жолугушууда мамлекеттер жана парламенттер аралык кызматташууга байланышкан маселелер талкууга алынганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы тереңдетүү зарылдыгын белгилеп, Пакистандын делегациясынын Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Парламенттик ассамблеясына катышып жатканы жогорку мааниге ээ экенин билдирди. Ошондой эле Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифтин Кыргыз Республикасына болгон эки тараптуу кызматташууга чоң түрткү берген ийгиликтүү расмий сапарына да кыскача токтолду.

Сардар Аяз Садик алгач Жээнбековду расмий сапар менен келүүгө чакырды. Ошондой эле тараптар үчүн маанилүү болгон долбоорлордун тегерегинде кеп козгоду.

Кыргыз парламентинин жетекчиси эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүлөрдү өнүктүрүү керектигин айтып, парламенттик демократияны куруу жаатында тажрыйбага ээ Пакистан менен парламенттер аралык байланышты кеңейтүүнү жактаарын белгиледи. Ал буга чейин эле Жогорку Кеңештин төрагасынын дарегине Пакистанга расмий сапар жасоо чакырыгы келгенин, 2016-жылы расмий сапар менен Пакистанга барууга даярдыгын маалымдады.

Жээнбеков өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү жандандыруу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүүгө мезгил жеткендигин белгиледи. “Кыргыз Республикасы өзүнүн “CASA-1000” энергетикалык долбооруна катышуусуна жогору маани берет жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоочу маанилүү фактор катары эсептейт. Буга байланыштуу бул долбоорго катышуучу мамлекеттер анын ишке ашуусу үчүн тыгыз кызматташуусу абзел”, - деди Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: