super.kg logo
  Спорт  

Ош шаарында окуучулар арасында достук мелдеши болду

 

Бүгүн Ош шаарынын №4-мектебинде бардык улуттагы окуучулардын катышуусунда кичи футбол боюнча мелдеш болду. Окуучулар арасында достукту, тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган мелдеште 3 баскычта оюндар өттү. Алгачкы эки турда иргелген командалар финалда өз ара ойноп, жыйынтыгында "Достук" командасы чемпион болду. Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жеңүүчү аталган командага кубок, дипломдор, медалдар, ошондой эле мыкты ойногон окуучуларга грамоталар жана топтор, спорттук формалар тапшырылды.

Ош шаарында жалпы билим берүүчү 54 мектеп бар. Баарыбызга белгилүү болгондой, мектептерде ар улуттун окуучулары окугандыгына байланыштуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин демилгеси менен окуучулар арасында футболдук мелдеш өтүп жатат. Биздин максат - спорт аркылуу окуучуларды кайсы улут экенине карабай достукка, ынтымакка жана спортту сүйүүгө үндөө”,- деди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К.Кимсанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: