super.kg logo

Жылнаама, 30-ноябрь: Мындан 61 жыл мурун ырчы, обончу Алтымыш Кадыров туулган

 

* Мындан 61 жыл мурун, 1954-жылы ырчы, обончу Алтымыш Кадыров Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Орто-Мечит айылында төрөлгөн. 1980-жылдары “Сага”, “Балалык”, “Ак-Буура”, “Сени менен өмүр бир өтсүн” деген ырлары хит болгон. Алтымыш Кадыров 1990-жылдары өлкөгө таанылып, анын "Бактылуу болуп жашайлы", "Күн болуп...", "Бере турчу бир тамчы", "Кечки Бишкек" сыяктуу ырлары ушул жылдарда чыгарылган.
Ал 2001-жылы 10-майда 47 жашында каза болгон.

* Мындан 180 жыл мурун, 1835-жылы америкалык жазуучу, журналист жана коомдук ишмер Марк Твен Флоридада туулуп, 1910-жылы 21-апрелде 74 жашында көз жумган.
Анын өзүнүн аты-жөнү - Сэмюэл Клеменс. Аны көпчүлүк жазуучу катары тааныйт. Жазуучу юмор, сатира, философиялык фантастикага да көп кайрылган. “Том Сойердин укмуштуу окуялары” деген чыгармасы менен атагы чыккан Марк Твен анда балдардын аруу сезими, окуя-саякаттарга ынтызарлыгы, жашоого кумары жана турмушка дилгирлиги тууралуу баяндаган.

* Мындан 141 жыл мурун, 1874-жылы журналист, публицист, жазуучу, сүрөтчү, коомдук ишмер, мыйзамчы, Британиянын эки жолку өкмөт башчысы, адабият тармагындагы "Нобель" сыйлыгынын ээси Уинстон Леонард Спенсер Черчилль Бленхейм ак сарайында туулган.

Тарыхта Черчилль өтө оор кырдаалда - Экинчи дүйнөлүк согуш маалында (1940-1945-жылдары) Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп, Германияга каршы күрөштү эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон мамлекеттик ишмер катары өзгөчө орунду ээлеп калган.
Черчилль 1965-жылы 24-январда дүйнөдөн кайткан.

30-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: