super.kg logo

Бишкек "Тез жардам" станциясынын жооптуу кызматкерлерине 500 комплект атайын кийимди сатып алганы боюнча кылмыш иши козголду

 

Биринчи Май райондук прокуратурасы Бишкек "Тез жардам" станциясынын атайын кийимдерди сатып алышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзгөн. 500 комплект кийим 1 миллион 200 миң сомго "БУПКОСГ" жоопкерчилиги чектелген коомунан сатылып алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө "Тез жардам" кызматынын жооптуу кызматкерлери тарабынан одоно эреже бузуулар болгону аныкталган. Бул тууралуу 29-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жылдын декабрь айында жана 2015-жылдын башында Бишкек "Тез жардам" станциясы кийим сатып алуу боюнча жеке ишкана менен мыйзамсыз келишим түзгөн. Бул боюнча тендер өткөрүлбөй, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берилген эмес. Буга байланыштуу прокуратура "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы эске алынбай мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишимдердин түзүлүшү", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.11.2015. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тендерден откоргондо деле дагы бир чондун фирмасы утмак да.Кайра кымбат сатып алышмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: