super.kg logo
  Саясат  

Жыргалбек Саматов БШК Жогорку Соттун чечимин аткарбай жатканы үчүн прокуратурага кайрылат

 

Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 5-ноябрда Жыргалбек Саматовду "Орусиянын жараны" деген негизде "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмеси аркылуу мандат алуу укугунан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган. 30-ноябрда Жыргалбек Саматов SUPER.KG'ге Борбордук шайлоо комиссиясы соттун бул чечимин аткарбай жатканын билдирди. Саматов мындан улам жакынкы күндөрү Башкы прокуратурага кайрыла турганын айтты.

"БШК мүчөлөрү мени "Кыргыз Республикасынын жараны эмес, Орусиянын жараны экенсиң" деп мандат алуудан ажыратып жатканда "сотко кайрыл, соттон утсаң мандат аласың" дешкен. Мен Кыргыз Республикасынын жараны экендигимди далилдөө үчүн сотко кайрылып, сот арызымды канааттандырып, БШКнын чечимин жокко чыгарган. Ал чечимди БШК 3 күнгө жеткирбей аткарышы керек болчу, бирок аткаруудан качууда",- деди Саматов.

Ал эми БШК мүчөсү Жеңиш Акматов Саматовдун Орусиянын жараны экенин далилдеген маалыматтарды алуу үчүн Орусияга кат жиберилгенин билдирди. "Сот биздин чечимди жокко чыгарды деп эле Саматовго мандат бере койбойбуз. Биз Тышкы иштер министрлиги аркылуу Орусияга кат менен кайрылдык. Ал жактан кандай жооп келет, биз ошого карайбыз",- деди Акматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: