super.kg logo
  Саясат  

Молдовада президенттин отставкасын талап кылган массалык толкундоолор уланууда

 

29-ноябрда Молдованын оппозициялык күчтөрү Кишинёв шаарынын борбордук аянтында ири митинг уюштурушту. Уюштуруучулар 50 миңге чукул адам келгенин айтышса, полиция кызматкерлери 15-20 миңдин тегерегинде эл келгенин жарыялашты.

Молдованын банктарынан 1 миллиард доллар жоголуп, бирок бул боюнча эч кандай чара көрүлбөгөнүнө нааразы болгондор президент Николай Тимофтинин отставкага кетишин, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышат. Митингге чыккандар “Олигархтар кетсин!”, “Референдум!”, “Уурулар түрмөгө!” деген чакырыктар менен депутаттардын санын 101ден 71ге кыскартып, депуттаттык кол тийбестиктен баш тартуу, президенттин шайлануусу боюнча конституциялык референдум өткөрүү талаптарын коюшууда.

Ушундай эле акциялар өлкөнүн дагы башка алты шаарында өтүп жатканы жарыяланды.

Октябрь айынын соңунда парламент Молдова өкмөтүн отставкага кетирген болчу. Акциянын катышуучулары койгон талаптары аткарылмайынча акцияны токтотпой тургандыгын айтышууда.

Өлкөнүн убактылуу премьер-министри Георге Берга коопсуздукту күчөтүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: