Укук коргоо органдары Бишкекте өлтүрүлгөн милиция кызматкери боюнча иштин бетин ачуу үчүн велосипеддердин ээлерин издөөдө





Укук коргоо органдары Бишкекте өлтүрүлгөн милиция кызматкери боюнча иштин бетин ачуу үчүн велосипеддердин ээлерин издөөдө. Муну бүгүн, 30-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгы менен кылмышкерлер тарабынан 7-кичи райондун №7-үйүнүн жанына ташталган велосипеддер уурдалып же тартылып алынган. Мындан улам учурда милиция жарандардан сүрөттөгү велосипеддердин анык ээлерин таанып берүүнү суранууда. Кимде-ким билген болсо, (0312) 66-06-83, 26-62-61, (0554) 102-328, (0554) 102-327 номурларына кайрылса болот.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда саат 20:00 чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган. Азыркы тапта аларды издөө иштери уланууда.
Ички иштер министрлиги Абдубалиевди өлтүргөндөр тууралуу маалыматка министрлик 1 миллион сом берүүнү убадалаган.
ИИМден билдиришкендей, кенже лейтенант Абдубалиев Актилек Асанович 1989-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айылында туулган. 2012-жылдан тарта милицияда иштеп, өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алган. Ал бир топ чуу жараткан кылмыштардын бетин ачкан.


Танкалганым, алардын велосипед менен качканын, андан кийин 7мкр.тарапка качканын аныктап кантип кармай алышпады.