super.kg logo
  Саясат  

Мыйзамга "ипотекалык күрөөлүк" деген жаңы түшүнүк киргизүү демилгеси сунушталууда

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде бүгүн, 30-ноябрда ипотекалык жөнгө салуу иштерин жакшыртууга багытталган "Күрөө жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда жактырылып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Экономика министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, "Күрөө жөнүндө" мыйзамга "ипотекалык күрөөлүк" деген жаңы түшүнүк киргизилип жатат. "Ипотекалык күрөөлүк - документардык баалуу кагаз. Ал насыя уюмунан турак жай мүлкүн сатып алууга ипотекалык насыя алган жеке адам тарабынан чыгарылат. Ипотекалык күрөөлүктү чыгаруу мүмкүнчүлүгү Жарандык кодексте каралган, бирок аны чыгаруу жана жүгүртүү улуттук мыйзамдарда камтылган эмес. Азыр ошол кемчиликти жоюу сунушталууда", - дейт ал.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен өлкөдө жеткиликтүү же социалдык ипотеканын механизмин иштетүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу, ипотекалык күрөөлүктүн негизинде кайра каржылоо механизмин колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн эсебинен насыя уюмдары үчүн ипотекалык насыя берүү кызыкчылыгын арттыруу жана ипотекалык күрөөлүк менен камсыз болгон ипотекалык облигацияларды чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: