Азия чөлкөмүндө "Мыкты улуттук курам", "Мыкты машыктыруучу" наамдарын Австралия курамасы утту, кыргыз футболу сыйлыксыз калды
Индиянын Нью-Дели шаарында 29-ноябрда Азия Футбол конфедерациясы жыл жыйынтыгын чыгарып, 20 номинация боюнча жылдын мыктыларын аныктады. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, анда "Мыкты улуттук курама" наамын Австралия курамасы жеңип алды.
Өзүңүздөр жакшы билгендей, кенгуру өлкөсүнүн футболчулары Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары менен 1 тайпада жайгашкан. Кыргыз футболчуларын 2 беттеште тең утуп алган австралиялыктардын башкы машыктыруучусу Ангелос Постекоглу "Мыкты машыктыруучу" наамына татыды.
Азия чөлкөмү боюнча "Мыкты футболчу" наамы Бириккен Араб Эмираттарынын оюнчусу Ахмед Халилге ыйгарылды.
КРнын Футбол федерациясы массалык футболду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн аталган уюмдун президентинин сыйлыгына “Аракетчил федерация” категориясы боюнча көрсөтүлгөн. Бирок бул сыйлык Брунейдин федерациясына ыйгарылды.

2. Элдар Шамурадов
3.Захибилла Уринбаев
Бунядкар жаш талантту форфардтары