super.kg logo
  Саясат  

Чакан жана орто ишканалардын отчётун ай сайын эмес, квартал сайын алуу сунушталууда

 

Өлкөдөгү чакан жана орто ишканалардын отчётун ай сайын эмес, квартал сайын төктүрүү сунушталууда. Ал үчүн "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү керек. Бул демилге Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин 30-ноябрдагы жыйынында каралып жатат. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, бул демилге ишкерликти колдоо максатында сунушталууда.

"Кризис убагында ушундай реформалар керек. Ошондуктан бул демилгени көтөрүп жатабыз. Буга чейин ай сайын отчёт тапшырып келишсе, мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айда бир жолу тапшырышат. Ал эми Социалдык фонд пенсионерлердин пенсиясын резервдик фонддон алып турса болот. Бул убактылуу эле. Ишканалар 3 айдын отчётун тапшыргандан кийин каражат топтолуп, төлөмдөр калыбына келип калат",- деди Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: