Кытай өлкөсү Ош шаарына жаңы оорукана курууга 7 миллион доллар бөлөт
Кытай өлкөсү Ош шаарына жаңы оорукана курууга 42 миллион юань каражат бөлүп берет. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Кытайдан 2010-жылда болгон түштүктөгү окуялардан кийин жардам сураган.
“Кытай биздин кайрылууга жооп кайтарды. Аталган өлкө 42 миллион юань же 7 миллион доллар бөлүп берет. Ал эми 150 адамга ылайыкталган оорукананын долбоору иштелип чыгып, башталуу алдында турат”,- деди министрдин орун басары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















