super.kg logo
  Саясат  

Айыл өкмөт башчыларына карата талаптарды жогорулатуу боюнча мыйзамдардагы карама-каршылыктарды четтетүү сунушталды

 

Айыл өкмөт башчыларына карата талаптарды жогорулатуу боюнча карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган мыйзам долбоору сунушталды. Аталган мыйзам долбоору бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында каралды.

Жыйынга аны өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаев алып чыкты. Рыспаевдин айтымында, мыйзам долбоору айыл өкмөт башчысынын орун басарын, айыл башчысын кызмат ордуна дайындоо маселелери боюнча, ошондой эле айыл өкмөт башчыларына карата талаптарды жогорулатуу бөлүгүндө мыйзамдардагы карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган. Мыйзам долбоору комитеттин сунуш-пикирлеринин негизинде Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: