"Ошто жеке ишкердин 100 миң долларын уурдап кеткен" деген шек менен 19 жаштагы жаран кармалды
"Ошто жеке ишкердин 100 миң долларын уурдап кеткен" деген шек менен 19 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 26-ноябрында белгисиз адамдар Ак-Тилек кичи районунун тургунунун үйүнө кирип, акча сакталган сейфти талкалап, 100 миң долларды алып кетишкен. Бул иш боюнча шектүү катары 1996-жылы туулган жаран 30-ноябрда Бишкектен кармалган. Анын 2 айга ижарага батир алып койгону, ошол жайда жашап жатканы белгилүү болду. Ал кармаган жайдан милиция кызматкерлери 4900 доллар, 38 миң рубль жана 3 миллион 160 миң сом өлчөмүндөгү каражат табышкан. Бардык акча каражаты ээсине кайтарылды. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Ал канчалан адамдарды шорлотту наоборот озу, акчалар ээлерине кайтарылып берилди деп жатпайбы.