super.kg logo

Жогорку Сот Нариман Түлеевди 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү күчүндө калтырды

 

Жогорку Соттогу коллегия коррупциялык иштер боюнча айыпталган депутат, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин ишин карады. Натыйжада 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу 1-декабрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан депутат, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарып, өкүмдү судья Аман Сариев окуп берген.

Экс-мэрдин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөй болгон. Ошондой эле Түлеев 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Нариман Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Нариман Түлеев шаардык сотко кайрылган, бирок 2014-жылы 23-декабрда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, өзгөртүү киргизген эмес.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.12.2015. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уже уч жыл отуруп коюптур, жанылышпасам бир кунун 2 кун деп эсептеп, 6 жылды алып салышса керек эле, дагы 5 жыл олтурса чыгат экенда, э? Аябай чмосун чыгарыштыго байкуштун.
01.12.2015. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баардык чиновниктерди оной олтон эле, ооруду деп же дагы бир шылтоону таап чыгып, бошотуп жатышты эле. Че то Тулеев иши боюнча катуу кетишти го.
01.12.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AiBoru, болушпой койсо керек да.
02.12.2015. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа точно болушпой койсо керек.
Тем более башкалар "Взятканы" унчукпай берсе керек, а бул болсо берген "Парасын" кайра кустуруп алгандан кийин очошуп калган го.
AiBoru түзөттү 02.12.2015 08:18
02.12.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нарымбаевге абдан аябааай ГУМАНДУУ, БООРУКЕР сот туш болуптур НЕГЕ? Же ПАРА алып кармалсан ПАРА берип кутулуп кет болсо керек Нарымбаевде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: