Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Президентин БАЭнин жарыяланган күнү менен куттуктады
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Халиф бин Зайед аль-Нахайянды Бириккен Араб Эмираттарынын жарыяланган күнү менен куттуктады. “Салттуу достукка жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизделген кыргыз-эмират мамилелери элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн кыйшаюусуз өнүгүп, чыңдала берет деп ишенем”,- деп белгиленет мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Президентине чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, эмират элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















