super.kg logo
  Саясат  

Эртең Жогорку Кеңештин чыгымын кыскартуу жана депутаттардын артыкчылыктарын жоюу маселеси каралат

 

Депутаттар эртең, 3-декабрда Жогорку Кеңештин чыгымын кыскартуу жана депутаттардын артыкчылыктарын жоюу маселесин кайрадан карап чыгышат. Мындай сунушту КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков алып чыгып, депутаттар ал сунушту Жогорку Кеңештин декабрь айындагы ишинин календарлык планына киргизишти.

Төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарга кайрылып, Жогорку Кеңештин чыгымын кыскартуу жана депутаттардын артыкчылыктарын жоюу боюнча кабыл алынган токтомго кол коюлганын эскертти. "Кабыл алынган токтомго мен кол коюп койдум, ал токтом азыр иштеп жатат. Ошондуктан сунуштарды ар бир депутатка кагаз түрүндө таратып бергиле, эмнеге өзгөртүү киргизүү керек экендигин карап чыгышсын",- деди Жээнбеков.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештеги депутаттардын көбү жардамчыларынын биринен баш тартууга каршы добуш бергенден кийин КСДП фракциясы бул маселени кайра карап, депутаттардын жардамчыларынын биринен баш тартуу чечимине келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: