Кыргыз спортчулары спорттук гимнастика боюнча Орусияда өтө турган мелдешке катышат

13-17-декабрь аралыгында Орусияда Михаил Ворониндин кубогуна арналган эл аралык мелдеш өтөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке мамлекетибиздин курамасынан 3 спортчу катышат. Алардын мелдешке катышып келүүсү үчүн олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 65 миң сом каралды. Курамда Роман Пак, Эрик Менибаев жана Амалия Чернышова сыяктуу спортчулар бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.