super.kg logo

Жалал-Абад. "Антитеррор-2015" аскердик машыгуусуна 1500 адам келди (фото)

 

Бүгүн, 2-декабрда Жалал-Абаддагы кыргыз өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы баштаган күч органдарынын “Антитеррор-2015” деп аталган аскердик машыгуусунун 2-этабы өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, болжолдуу сценарийге ылайык, машыгууда Сузак районунун Сузак айылындагы террорчулар барымтага алган “Домата” №2-орто мектебиндеги окуучулар менен мугалимдерди куткаруу болду.

"Атайын операцияга Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам аракеттенүү отряды, ИИМдин атайын багыттагы бөлүгү, кинологдор, райондук милициянын тергөө тобу, УКМКнын облустук жана райондук кызматкерлери, Улуттук гвардиянын аскерлери, сапёрлору, өрт өчүргүчтөр, "Тез жардам" кызматы баштаган топ катышты. Машыгууга жергиликтүү тургундар, билим берүү кызматкерлери, ИИМдин ардагерлери, элдик кошуундун мүчөлөрү болуп, жалпысынан 1500гө жакын адам күбө болду",- деп жазылат маалыматта.

Анда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ж.Жоробеков мындай аскердик машыгуулардын башкы максаты терроризм-экстремизмдин алдын алуу экендигин белгилеп, барымтадагыларды бошотуу операциясы жалаң гана машыгуу түрүндө болуусун каалады.

Иш-чаранын соңунда кыргыз өкмөтүнүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Эгембердиева машыгууда күжүрмөн даярдыгы, тайманбастыгы менен айырмаланган, активдүүлүгүн көрсөткөн күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн Ардак грамота, акчалай сыйлык менен сыйлады.

Эскерте кетсек, “Антитеррор-2015” аскердик машыгуусунун алгачкы этабы 21-ноябрда өткөн жана анда миңге чукул адам катышкан аскердик жүрүш болуп, ок атуу талаасында машыгуу, спорттук мелдештер менен коштолгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
02.12.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мен да болгом. аябай сонун болду. аскер болгум келип калды .спецназ болом
02.12.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен үч жыл өмүрүмдү бердимго аскерге Бирок өкүнбөймүн
02.12.2015. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен армияга баралбадым. Военный сбор менен бүтүп кала бердим.
Бирок страйкболдо снайпермин :)
Винтовкам SR-25
03.12.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олкон учун бир жыл омурун арноо бул парз. Ата журтубузду маянасынын аздыгына карабай омурун берип жаткандарга минден мин рахмат.бар болгула кыргызымдын кул болбогон жигитери
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: