super.kg logo

Нарын шаары боюнча 2260 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турат

 

3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата Нарын шаарындагы Жаштар ордосунда иш-чара өткөрүлөт. Жалпысынан шаар боюнча 2260 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

Анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күчү менен даярдалган кайрымдуулук концерти тартууланат. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын колунан чыккан буюмдардын көргөзмөсү уюштурулуп, шахмат, шашки жана кол күрөш оюндары боюнча жарыштар өткөрүлөт.

Нарын шаардык мэриясы тарабынан аталган иш-чараны уюштуруп, өткөрүүгө, жеңүүчүлөрдү сыйлоого 20 миң сом акча каражаты жумшалмакчы. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 93 миң сом акча каражаты бөлүнүп, 306 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга материалдык жардам көрсөтүү каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: