super.kg logo

Жылнаама, 3-декабрь: Мындан 40 жыл мурун "Аталар керээзи", "Ээнсиреген үй" тасмаларынын режиссёру Нурбек Эген туулган

 

* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы "Аталар керээзи", "Ээнсиреген үй" тасмаларынын режиссёру Нурбек Эген Ош облусунда туулган. Математика багытындагы мектепти бүтүргөнү менен, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун актёрдук бөлүмүнө тапшырат. Кийин ал окуусун таштап, Москвадагы ВГИКке тапшырып, аны 2000-жылы аяктаган.

* Мындан 429 жыл мурун, 1586-жылы Колумбиядан Англияга биринчи жолу картошка алынып келинген. Алгач картошка Европада декоративдүү өсүмдүк катары кабыл алынган. Көп убакыт аны уулуу өсүмдүк деп ойлошкон. Франциялык агроном Антуан-Огюст Пармантье картошка уулуу эмес, адамды ток алып жүрүүчү жана даамдуу азык экенин аныктаган.

* Мындан 48 жыл мурун, 1967-жылы Кейптаундагы Грут Шут госпиталында медицина илиминин тарыхында алгачкы жолу профессор Кристиан Барнард тарабынан жүрөк алмаштырылып, которулган. Тагыраак айтканда, өлүм алдында жаткан 25 жаштагы айымдын жүрөгүн 55 жаштагы оорулууга салган.

* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы Индиянын Бхопал шаарындагы химиялык заводдо кырсык болгон. Метилизоцианат уу заты агып чыгып, 3800дөн ашуун киши каза болуп, жүз миңдеген киши жабыр тарткан. Бул завод америкалык "Union Carbide" фирмасына таандык болгон. Кырсык заводдун жабдуулары эскиргендиктен келип чыккан. Резервуардагы метилизоцианат кайноо температурасына жетип, авариялык клапаны ачылып, атмосферага 42 тонна уулуу буу чыккан.

3-декабрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.12.2015. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нурбек Эген ВГИК эмес башка окууга эле тапшырбаптыр например фермерликке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: