super.kg logo

"Манас" эпосунун күнүнɵ карата Нарын шаарында маданий иш-чаралар ɵткɵрүлүүдɵ

 

4-декабрь - "Манас" эпосунун күнүнө карата Нарын шаарында бир катар маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

"Ата-бабаларыбыздын урпактарына калтырган ыйык мурасы - «Манас» эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, кеңири жайылтуу максатында мэрия тарабынан атайын иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Анын алкагында жогорку жана орто окуу жайларда, орто мектеп, балдар бакчаларында, китепканаларда тегерек столдор, ачык сабактар, адабий кечелер, жолугушуулар өткөрүлүп, дил баяндар жазылып, «Манас» залдары жана бурчтары уюштурулду.

Ошондой эле шаардын мектептеринде өткөрүлгөн «Манас таануу» сынагынын мыктылары 4-декабрь күнү Нарын облустук музыкалык-академиялык драма театрында белгилене турган «Манас» эпосунун күнүндө өз өнөрлөрүн тартуулашат. Ал эми Нарын шаардык мэриясы тарабынан катышуучуларды сыйлоо үчүн атайын белектер даярдалды",- дейт Э.Качкымбаева.

Өкмөттүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259-токтомунун негизинде «Манас» эпосунун күнүн жыл сайын 4-декабрда белгилөө жагы аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.12.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы жылдары Манас эпосу унутулуп бараткансыйт.Мурда тарбиялык саатар ар кандай иш чаралар отуп турчу.Дуйного кыргыздын атын тааныткан эпосту кийинки муундар унутпоосу учун кобуроок кайрылып турсак болмок.Тарбиялык жагы да коп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: