super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча улуттук курамдын машыктыруучусу: "Эми Дүйнө чемпиондугуна чыгууга аракет кылабыз"

 

2016-жылы 10-21-февраль аралыгында Ташкентте футзал боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Мелдешке Азия чөлкөмүндөгү 16 команда катышат жана жеңүүчү аталган команда Колумбияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат. Кыргыз футзалчылары Азия чемпиондугунун тайпалык баскычында Өзбекстан, Ливан жана Сауд Арабиясы менен ойномой болду.

Чүчү кулактын жыйынтыгы жана тайпадагы атаандаштар тууралуу улуттук курамдын машыктыруучусу Андрей Полховский төмөнкүлөргө токтолду: "Бул баскычта алсыз команда жок экенин моюнга алыш керек. Биздин тайпада күчтүү командалар чогулган, бирок бардык командалар менен ойносо болот, биз муну далилдейбиз. Мелдеште үй ээси Өзбекстан башкы фаворит экени сыр эмес, ошондой эле Ливан жана Сауд Арабия курамалары да каршылык көрсөтүү үчүн ушул баскычка чейин жетишти. Биз мелдешке 3 ай даярданабыз, бул убакыт көп дагы эмес, аз дагы эмес. Жакшы даярданып, Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алууга аракет кылабыз".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: