super.kg logo

Шашылыш билдирүү! 5-декабрдан 7-декабрга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр карга айланат

 

Узакка созулган аномалдуу жылуу аба ырайынан кийин 5-декабрдан 7-декабрга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 5-декабрь күнү күндүз жаан жаап, 6-7-декабрь күндөрү жаан карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, кээ бир аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. 5-декабрда кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

Мекемеден билдиришкендей, 6-7-декабрь күндөрү облустар боюнча абанын температурасы төмөнкүдөй болот:

- Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1… -6 градус суук, күндүз -1… +4 градуска чейин жылуу;

- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0… +5 градус жылуу, күндүз +3… +8 градус жылуу;

- тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2… -7 градус суук, күндүз -2 … +3 градуска чейин жылуу;

- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -7… -12 градус суук, күндүз -2… -7 градус суук;

- бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20… -25 градус суук, күндүз -10… -15 градус суук болору күтүлүүдө.

"Мындай аба ырайы автоунаа жолдорунун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат",- деп билдирет ӨКМ.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
03.12.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат
03.12.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жааса жаасын кар, кыштын да кыштай болгону жакшы элдер ооруп чандан кыйналып кетти.
03.12.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкектин устунон Вертолёт ары бер эле учуп атышат учения журуп жатабы
03.12.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bazarkyl, сиздин билдирүүңүз түшүнүксүз болуп жатат. Суроолоруңуз бар болсо купуяма кайрылыңыз.
03.12.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Раазы болсун
03.12.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой рахмат ай менин комурум сатылат экенда
03.12.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жааса жаасынчы мен карды сагындым.Кыштын кыштай,кыздын кыздай болгону жакшы.Ар нерсе оз убагында болгону жакшы.
03.12.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bolotbai3, )) Кайсыл кыз кыздай болбоду козунузго )) ушу кыздарга эле кирише бересинер э не кылса ушу жигиттерди газавой мылтык керек бп жататта ))
03.12.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
курткам кургаса экен эми
03.12.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кышында кар жаабаганда анан эмне чагылган тушмок беле.
04.12.2015. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ишенбегиле ширк болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: