Бакыт Сыдыков: “Өкмөт элдин электр кубаты, таза суу маселесин чечип бербесе болбойт”
Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Сыдыков шайлоочулардын таза суу, электр кубаты жана ички жолдорду оңдоп-түзөө маселелерин козгоду.
Эл өкүлү жогорудагыдай көйгөйлөргө карата Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Момбеков атындагы айыл өкмөтүндө курч турган таза суу, электр кубаты жана ички жолдордун абалы боюнча мисалдарды келтирди. Ал ички жолдорду оңдоп-түзөө маселесин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине өткөрүп берүү зарыл деген пикирде. “21-кылымдагы өнүгүү маалында өкмөт электр кубаты, таза суу маселесин чечип бербесе болбойт”,- деди Сыдыков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















