Кыргыз жергесинде жаңы жылдык балатылар декабрдын ортолорунда жанат












Кыргыз жергесинде жаңы жылдык балатылар декабрдын ортолорунда жанат. Мындай маалыматты SUPER.KG`ге облустардын борбор шаарларынын мэрияларынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкекте жаңы жылдык балатыны орнотуу 5-декабрда башталып, 19-декабрда жанары белгиленди. Орнотула турган балаты жасалма болуп, бийиктиги 25 метрге жетет. Кеткен чыгымдар азырынча белгисиз.
Ош шаарындагы башкы балаты дагы жасалма болот. Анын бийиктиги 28 метрден ашары айтылды. Ал эми аны тургузуу иштери 1-декабрда башталган. Кеткен чыгымдар азырынча белгисиз.
Нарындын борбордук аянтына балаты 15-декабрга карата жасалат. 15 метр табигый балатыны орнотуу үчүн 140 миң сом бөлүндү.
Каракол шаарында жаңы жылдык балатыны коюу иштери 30-ноябрда башталган. Анын бийиктиги 21 метрди түзүп, ага 24 430 сом жумшалган. Анын өзөгү темирден жасалып, ага бутактар сайылат.
Талас шаарында 15 метрлик балаты 15-декабрда орнотулат. Анын оюнчуктары быйыл жаңыланып, бир стилде болору маалымдалды. Кеткен чыгымдар азырынча белгисиз.
Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтын жасалгалоо иштери 15-декабрда башталат. Балаты Токтогулдан алынып келинип, орнотуу иштери 20-декабрдан 23-декабрга чейин жүргүзүлөт. Ал 15 метрди түзүп, жалпы чыгымы 458 миң сом болот.
Баткен шаарында да Жаңы жылга карата даярдыктар жүрүүдө. Ал эми балатыны орнотуу иштери 15-декабрда башталып, 20-декабрда жанары билдирилди. Балатынын өзөгү темирден жасалып, ага табигый бутактар сайылат. Анын бийиктиги 18 метрге жетери пландалды. Ага былтыркыдан бүтүн калган оюнчуктардан тышкары жаңылары илинет. Жалпысынан балатыга быйыл 70-90 миң сом бөлүнгөн.








1 |