super.kg logo

Баткенде жаш балдарды жүк ташуучу унаа менен тойго алып баратканын айткан окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" жеңүүчүсү деп табылды

 
Ноябрь айынын жеңүүчүсү Асылбек Мадалиев
Белек ээси Асылбек Мадалиев Баткен облусунда болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги тууганы Эмирбек Айжигитов кеңсебизге келип алып кетти.
Заманбап смартфон жеңүүчү Асылбек мырзага жетти.

Балдар - биздин келечегибиз. Биз аларга кандай мамиле кылсак, алар чоңойгондо бизге ошондой мамиле жасашат. Ошондуктан аларга ар дайым туура тарбия берүү, кам көрүү, жардам берүү жана колдоо көрсөтүү керек.

Акыркы жылдары гезит, теле же интернет айдыңында жарыяланган өлкөбүздүн аймагында жаш балдарга карата зомбулук көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалыматтарды окуганда келечек үчүн коркуп, чочулайсың. Жүрөк үшүн алган мындай кабарлардын катарында "Эки наристесин бейтааныш адамга таштап, энеси Орусияга кетип калды", "Энеси балдарын бычактап салды", "2 жашар баланы анын атасынын жакын тууганы катуу сабап, ур-токмокко алды" деген өңдүү окуяларды камтыган макалалар бар. Балага орой мамиле, зордук-зомбулук өзүнүн ата-энеси тарабынан көрсөтүлсө, анда бейтааныш адамдан эмнени гана күтсө болбойт...

Баткен облусунун тургуну Асылбек Мадалиевдин "Баткенде айдоочу жаш балдарды жүк ташуучу унаага салып алып тойго барууда" деген кабары SUPER.KG порталынын колдонуучуларынын арасында кайчы пикирлерди жаратты. Айрымдары "жол эрежелерин сактоого үгүттөш керек" деп Асылбекти колдошсо, башкалары "айдоочуну сатып салды", "эмне болуптур, биз кичинекей кезибизден эле ушинтип чогулуп тойлорго барабыз..." деп катуу сынга алышты.

Жаш балдардын жүк ташуучу унаа менен тойго баратканына башкалар кол шилтесе, Асылбек буга өзгөчө көңүл бурган. Мындай кабарды жөнөтүүгө эмне түрткү болгонун биз өзүнөн сурадык.

- Саламатсызбы, Асылбек мырза! Сиз бул кабарыңыз менен ноябрь айынын жеңүүчүсү болдуңуз. Куттуктайбыз!

- Чоң рахмат!

- Кабарыңыз SUPER.KG порталында чоң талкуу жаратты. Жол-кайгуул кызматы сиз көтөргөн маселеге көңүл буруп, кыска убакыт ичинде жооп берген. Негизи, кабарды кандай ой менен жөнөткөн элеңиз?

- Буга чейин көп өлкөдө болгом: Европа мамлекеттеринде, Кытайда, Орусияда. Ошол окуя болгон күнү жумуш менен Баткен шаарына баргам. Көп баланы жүк ташуучу унаага салганын көрүп, бир чети таң калсам, бир чети кабатырландым, алардын коопсуздугун ойлодум. Биз өнүгүп жаткан, жакшынакай өлкөдө жашайбыз да. Биринчи жолу мындайды көргөнүм үчүн мага кызык болду. Келсем, балдар менен бир эже жүргөн экен. “Балдарды жүк ташуучу унаа менен кайда алып бара жатасыз?” деп сурасам, ал: “Тойго алып баратабыз. Тойдун ээси ушул унааны жөнөттү. Башка унааны жиберген жок. Эч нерсе болбойт. Эмне болуптур?”- деген.

- Айрым интернет колдонуучулар сизди сындаган комментарийлерди жазышты. Бул сизге кандай таасир этти?

- Кабарды жибергенден кийин жүк ташуучу унаанын айдоочусуна айып пул салынарын окуп, “Эмнеге жибердим?” деген ой келген. Анан комментарийлерди окуганда “жибербей эле койсом болмок” деп ойлоп калдым. Бул мага катуу тийди. Мага карата “айдоочуну сатып койду окшойт” деген пикирлер айтылды. Мен, чындыгында, Баткенде жумуш менен эле болгом. Өзүм Кадамжайда жашайм. Ошондуктан айдоочуну мен тааныбайм.
Мурда оор мезгилде жүк ташуучу унаа менен адамдарды ташыган күндөр болгон. Бүгүн деле бул адаттагыдай көрүнүш, бирок кичинекей балдар башка да. Кудай сактасын, кырсык болуп кетсе, балдар эмне болушат?

- Сизди сындагандарга эмне деп кайрылат элеңиз?

- Башка өлкөлөргө чыккыла, жол эрежелерин сактаганды үйрөнгүлө, китепти көп окугула деп кеңеш берет элем. Мисалы, Орусияда жаш баланы атайын орундугу жок, жөн эле алып жүргөндүгү үчүн айдоочуга 3 миң рубль айып пул салынат. Орусияда жаш балдар үчүн сөзсүз атайын орундук болуш керек. Бизде болсо мындай талап жок. Бул өтө жаман көрүнүш, анткени унаада баланын коопсуздугу сакталбай калат.

Мен SUPER.KG порталындагы ЭЛДИК КАБАРларды окуп, өзүм да көп жөнөтүп турам. Мыйзамды сактоого өтө пайдалуу долбоор. Редакциянын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем!

(Белек ээси Асылбек Мадалиев Баткен облусунда болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги тууганы Эмирбек Айжигитов кеңсебизге келип алып кетти)

Эсиңизде болсо, быйылкы жазда SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманды редакция ай сайын аныктап, жеңүүчүгө заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: таза суунун жоктугунан айрым айылдын тургундарынын арыктан суу ичип жатышы, катуу ылдамдыкта унаа айдагандардын айынан кырсыктардын болушу, мыйзамсыздык, мамлекеттик ишкананын чатырында айрылган мамлекеттик желектин турушу, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.

Эскерте кетсек, апрель айында Сузак районунан Чынберди Жанышов аттуу 10-класстын окуучусу жеңүүчү болсо, май айында Оштогу үй кожойкеси Сабира Казамбекова жеңүүчү деп табылган. Июнь айында Орусияда иштеген Алина Мустапакул кызы, июлда Байысбек Жеңишбек уулу, августта Толгонай Таалайбек кызы, сентябрда Нурсултан Токтосунов, октябрда Куттубек Абдуллаев жеңүүчү болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(46)
04.12.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
куттуктайбыз☆★☆★☆★☆★
04.12.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балакайлар
04.12.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ОО жакшы жанылык болсун болсун.
04.12.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Аяш ава сыйлыккут болсун))))
04.12.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uli6886
Кайдагы аяш ава Баткен өзүнө барсан анан аяш ава дейсин.
04.12.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
kuttuktaim
04.12.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куттуктайм. Татыктуу.
04.12.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooo kuttuktaim Asyl ozu kyiyn jigitsindaa
04.12.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы болсун
04.12.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куттуктайм.туура айтат.детский креслосу жок болсо шраф салат орустар.такси чакырганда созсуз креслосу м заказ кылабыз.
04.12.2015. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын... куттуктайм....
04.12.2015. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайдын таксилеринде автокресло жок,Казахстанга закон киргизишкен бирок убактылуу алып коюштуу,анткени бир семьяда жок дегенде 2-3 бала.
04.12.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен айткамын ошол убакта смартфон Баткенге кетти деп айтканымдай болду!
04.12.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Мадалиев Асылбек баарына чоон рахмат мен негизи позитив кабарлар менен болушконго аракет кылам бирок бул кабар анча эмес болду эмкисинде сонун кабарлар менен болушом максатым коомдо мыйзамдуулукту сактоого ундоо
04.12.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Еми ХХХ ХХХ етият кылгыла бирин бири андып калды ким емне кылат деп андыган заман.
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-04 14:48:09
04.12.2015. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kilim,
Коомдук этиканы сактаңыз!
04.12.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кут болсун белегин. Асылбек кандай ник менен киресин купяга жазып койсон .....
04.12.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мен эч кимди сатккан жокмун болгону коопсуздукту сактоого чакырдым мени сатып кети дегендер коп коп китеп окуп дуйного болгон кош карашын кенейтсин менин бир айлык кирешем Кудайга шугур 5 смартфонго жетет
04.12.2015. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
asy777, тойго жаш балдарга не бар. Ушунча баланы тойго алып барат бекен же бир жерге ищтеткени алып кетип аткан жокпу?
04.12.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asy777,Сенин кирешени сураган жокпузго,озун деле ошентип эле чонойсон керек эле айылда,бул айылдагы кунумдук эле корунуш,бир жагынан сеники деле туура коопсуздук
06.12.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asy777, Дос сенда билген жоксун да туурабы, бугун видеону элдик кабарга жонотсон эртеси сага дагы бир смартфон берерин. Туура кылгансын эми туболук сенден досторун жакындарын качып журот . Сен жана Смартфон .
04.12.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиянин айыл жерлерине барсан ушундай эле корунуш. Башка олколорго чыккыла де. Молодец!
04.12.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
эми кошнасыны 3 минге тушуруп телди алды кошнасы капа болотго
04.12.2015. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башка олкого чыккыла китеп окугула саткыла анан мага окшоп смартфон утасынар
04.12.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оо куттуктайм смартфон аяш аваларга кеткен турбайбы. Негизи айылда мындай корунуш коп кездешет.
04.12.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akil8484,
Эскертүү! Башка колдонуучуларды кемсинтип, мазактоого тыюу салынат!
04.12.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Рахмат чоонбаарына мени сындагандарга дагын рахмат себеби аларда башка жумушу жок болсо керек
04.12.2015. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asy777, Туура эле кылгансыз,бул Кабарды жиберип.Ар кимдин озуно жараша ан сезими,дуйно карашы болот баарына жакканга мумкун эмес.Жакшы кабар жонотсонуз баарибир сындашат.
05.12.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyshka_23, Рахмат чоон сизге мени тушунгондор деле бар экен
05.12.2015. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок автор айылдашыңбы же дагы бир шордууну сатыпсын да.Айылда ошентип эле ташыйбыз да адамдарды.Эмт ал шордуну,гаи лер балким кармап алып,палаанча миңое сындырып жататта.Үшуну тим эле койбопсун.Ал себеби жаш балдарды тойго,ата энесинин уруксааты менен алып кетип жататта.Айылда эч нерсе болбойт
05.12.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kokboru,Кудайсактасын бир кырсык болсо ошондо тушунмоксуз коопсуздук эмне экенин балдар биздин келечек аларды жакшы тарбия берип жакшы кароо керек айып пул салса мен колдойм жакшы кылат ГАИ лер штараф тологондон кийин андай кылбай калат башкаларда андай кылбаганга аракет кылат
05.12.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойго эмес эле мектепке бара жатышат окшойт, эжейи менен
05.12.2015. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен кабарды жонотуудон мурда мугалими менен суйлоштум жана балдардын коопсуздугун сакташын сурандым ал эже Тойго чакырган тарап ушундай унаа жоноту деп айты негизи бул туура эмес
05.12.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кошунам кунуго уйундо чыр чыгарат аялын урат. Ошолорду тартып жонотсом болобу? Смартфон береби ошол видеону жонотсом.
05.12.2015. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirlanchik9, )))))))
06.12.2015. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдарга суук отот деп ойлойбу бироо жарым, портер деген машина жук ташыган, мал кой ташыган машина го унутуп калган го адамдар, айылда боло берет дешип, болбойт эле эч качан, тушунукту кенейтели достор, ак караны айырмалайлы, молодец автор)))
06.12.2015. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
magnat1013,Рахмат чоон мени тушунгон адамдар бар экен эн туура айтасыз портер менен малдарды ташыса болот жаш балдарды эмес
06.12.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asy777,Асмандан тушкондой суйлойсунорго э) илгерки убакта ата-энелерибиз Трактордун Телешкасына чыгып эле жаш балдары мн окмоттук жумушка барып келип иштешкен экен,портерди имменно малдарга гана чыгарган эмес,Супер сенин теман элдерге кызык жаратканы учун гана женишке чыгарды окшойт,бирок айыл жеринин балдарыда шаардыктарга караганда кыйла тушунуктуу тетигиреек болот аларга деле жан керек,ошол машинаны жоноткон болсо тойдун ээси шаферго эсен аман жеткиришине козу жеткен учун жоноткондур!!!
06.12.2015. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асылбек азаматсын иним
07.12.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
avazbek85,Рахмат чоон
08.12.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авторго сыйлык кут болсун дейли, капа болбоңуз, жаңылык актуалдуу.
Мага балдардын Портерге түшкөнү эмес, ушунча баланын тойго барганы жаңылык болду, таң калдым, мен көрбөптүрмүн мындайды...
Ал эми "боло берет" деген болбойт да, мамилени өзгөртүү керек го...
08.12.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мэри,Рахмат чоон туура айтасыз
19.12.2015. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш смартфонго жететдеп боп эттин бир айлыгын не может быть
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: