Жылнаама, 4-декабрь: Мындан 35 жыл мурун Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов өлтүрүлгөн
* Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимовду Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик дачада эс алуу маалында Смагин аттуу оорукчан адам атып кеткен. Бир жылдан кийин Смагин милиция кызматкеринин моюн орогучуна асынып калган жеринен табылган.

Акын Нишапурда туулуп-өскөн. Самарканд шаарында билим алган. Кийин Бухарага барып, ал жерде математик жана астроном катары көптөгөн ийгиликтерге жетишип, орто доордун алдынкы илимпоздорунун бири болгонго жетишет.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Шаар башчысы бул кызматта 2010-жылдын 8-апрелинен тарта иштеп келген. “Билсеңиздер, мен бул кызматка Апрель окуяларынан кийин келгем. Анда баш аламандык, жерди басып алуу, мыйзамсыз иш-аракеттер көп болчу. Бирок кандай болгон күндө да шаар үчүн болгон күч-аракетимди жумшадым. Мен артымда жакшы из калтыргым келди”,- деген Иса Өмүркулов өз сөзүндө.

№5-улуттук гимназияны, 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин дизайнер-архитектор адистиги боюнча аяктаган. Айпери “Жаш кыял” бий ансамблинде бийлеп, ал жактан бий үйрөтүүгө укук алуучу дипломго ээ болуп, “Versus” тобун ачкан. АКШ, Франция, Италия, Түркия, Германия жана башка ушул сыяктуу өлкөлөрдө бий фестивалдарына катышкан.
Өзүнүн биринчи кийимдер коллекциясын 2009-жылы чыгарган. 2011-жылы Жаштар иштери боюнча министрлигинин тандоосу менен Кыргызстандын атынан “Баку мода жумалыгы” Эл аралык фестивалына катышкан.
4-декабрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
